Талапкер Ниязалиеванын добуш сатып алуу фактысына байланыштуу иш козголду

Автор

№26 Ленин шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы жана добуш сатып алуу фактылары боюнча КР БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров  маалымат берди.

Шайназаровдун айтымында, Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 12 арыз келип түшкөн. Анын ичинде Ниязалиеванын окуясы боюнча териштирүү жүрүп жатат.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Ленин райондук ишкчи иштер башкармалыгы тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала жыйынтык боюнча, талапкер Дамира Ниязалиева 36 пайызга жакын добуш алды. Эгерде тергөө тарабынан анын кыймыл-аракетинде добуш сатып алуу фактылары орун алып, жетиштүү далилдер табылса укук коргоо органдары БШКга талапкердин жоопко тартуу маселесин кароодо айып угузуу үчүн макулдук алыш керек. Мыйзамдын 37-беренесинин 6-бөлүгүндө айтылгандай, эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК «шайлоонун жыйынтыгы анык эмес» деген бүтүм чыгарылып, кайра шайлоо дайындалат»,-деди Шайназаров.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектен Сеулга авиакаттам ачуу пландалууда

Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы 11-июндан тарта Сеул — Бишкек — Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат — учуу дүйшөмбүдө, конуу […]

Сизге жагышы мүмкүн