Голливудда Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи өттү

Автор

АКШда 96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Кристофер Ноландын эң мыкты режиссёр, актер жана экинчи пландагы актер, оператордук иш, монтаж жана саундтрек үчүн статуэткаларга ээ болгон “Оппенгеймер” тасмасы жеңүүчү деп табылды.
Тарыхта биринчи жолу украиналык тасмага статуэтка ыйгарылды. Эң мыкты даректүү тасма деп табылган Мстислав Черновдун “Мариуполдогу 20 күн” фильминде Россиянын Украинага басып кириши, тагыраагы Мариуполь курчоого алынган учурлар чагылдырылат.
Мультфильмдерден Хаяо Миязакинин “Бала жана куш” эмгеги жеңишке жетти.
“Бактысыз кедейлер” комедиялык драмасы костюм, макияж жана чач жасалгасы үчүн төрт сыйлыкка ээ болду. Башкы каармандын ролун аткарган Эмма Стоун эң мыкты актриса деп табылды.
Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи жыл сайын АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТОдо Швециянын желеги көтөрүлдү

Дүйшөмбү күнү НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында Түндүк Атлантикалык альянстын расмий түрдө 32-мүчөсү болгон Швециянын мамлекеттик желегин салтанаттуу көтөрүү аземи болду. НАТОнун штаб-квартирасы алдындагы аянтта, мүчө өлкөлөрдүн желектеринин арасында өлкөнүн гимни аткарылып жатканда Швециянын желеги көтөрүлдү. Швециянын гимни аткарылгандан кийин НАТОнун гимни жаңырды. НАТОнун өкүлү параллелдүү түрдө альянстын Монс (Бельгия) жана Норфолктогу […]

Сизге жагышы мүмкүн