Токаев куттуктады: Казакстандын калкы 20 миллионго жетти!

Автор

Казакстанда 20 миллионунчу тургун төрөлгөн.  Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдирүү жарыялады.
«Казакстандын калкы 20 миллионго жетти!  Мекендештеримди бул маанилүү окуя менен куттуктайм!  Бактылуу үй-бүлө – улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи.  Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эне  жана баланы коргоо боюнча иштерди улантат»,-деп жазды мамлекет башчысы Твиттердеги баракчасына.
Улуттук статистика бюросу кабарлагандай, беш бала Казакстандын 20 миллионунчу жараны болду.
Алар 14-ноябрда төрөлгөн.  20 миллионунчу жарандын туулган күнү бардык демографиялык маалыматтарды эске алуу менен аныкталган.
«Калктын маалымат базасына ылайык, 2023-жылдын 14-ноябрында таңкы саат 8:10до төрөлгөн 5 бала өлкөнүн 20 миллионунчу тургуну болду.  Казакстандын юбилейлик жарандары Улуутау жана Жетисуу, Атырау, Акмола жана Түркстан облустарында төрөлгөн.  Алардын арасында 3 уул, 2 кыз бар»,-деп айтылат маалыматта.
Казакстандын 19 миллионунчу жараны мындан 2 жыл мурда август айында төрөлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: "Камчыбек Ташиевди эл колдоого алып жатат"

Белгилүү журналист, саясат талдоочу Сабыр Муканбетовду кепке тартып, криминал, алардын жан жөөкөрлөрү жана кримчөйрөнүн талабын аткарып берген соттор тууралуу сүйлөштүк. – Сабыр мырза, мына өзүңүз көрдүңүз, Азим Ройго кылмыш иш козголду. Андан мурда ал киши генерал Өмүрбек Суваналиевди доого жыгып, сүйүнүп аткан. Ушундай түшүнүксүз жагдайлар боюнча пикириңиз кандай? – Эгер […]

Сизге жагышы мүмкүн