

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Улуттар уюмунун сессиясында сөз сүйлөп, адамзат аздектеген баалуулуктарга кол салынып жаткан учурга дүйнө калкынын көңүлүн бурду. Ал мусулмандардын ыйык китеби Курандын өрттөлүшүн вандализм деп баалап, “мунун демократия же, эркиндик менен алакасы жок. Керек болсо, мындай жапайычылык сөз эркиндигине такыр коошпойт”,- деди.