Мурдагы президенттин кудасы мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөздү

Автор

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кудасы ишкер Кайрат Боронбаев менчигиндеги үч компаниясын Алматанын коммуналдык менчигине өткөрүп берди. Бул маалыматты “Информбюро” агенттиги таратты. Алар соода борбору, бизнес борбору жана фитнес клубдарды караган “F link” компаниясы.

Аталган жаран тергөө менен кызматташып, жалпы 33.75 млрд теңгеге бааланган обьектилерин, 1.4 млрд теңге турган  Comfort Hotel Astana мейманканасын быйыл октябрда мамлекеттин эсебине өткөзүп берген эле.
Кайрат Боронбаевди Астана соту сентябрь айында 6 жылга камакка кесип, үй мүлкүн конфискациялаган. Бирок, көп өтпөй баш коргоо чарасы өзгөрүлүп, анын түрмөдөгү мөөнөтү эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырылган. Ал Дарига Назарбаеванын тун уулу Айсултанга кызын берген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстанда паранжа кийүүгө тыюу салынды

Эми Өзбекстандын коомдук жайларында паранжа менен жүзүн жаап жүргөндөр жаза алышат. Президент Шавкат Мирзияев аталган абал боюнча мыйзамга кол койду. Коомдук жайларда таанылбай тургандай жүзүн жашыргандар 3.3 млн сумдан 4.95 млн сумга чейин (24 миңден 36 миң сом) жаза төлөшөөрүн Өзбекстандын Адилет министрлиги маалымдады. Мындан сырткары кош никеге тургандар же, […]

Сизге жагышы мүмкүн