reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы мелдеште алтын утту

Son Güncelleme :

15 июля 2023 - 9:51

reklam
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы мелдеште алтын утту
reklam

Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты.

Кыргыз балбаны катары менен 4 жеңишке жетип, алтын үчүн кармаша болгариялык спортчу Биляна Дудова менен күрөшүп, жеңишти 2:1 эсебинде илип кетти.

 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.

reklam