Азия оюндары: Бүгүн Дүйнө чемпиондору Акжол менен Жоламан килемге чыгат

Автор

Бүгүн, 4-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер башталат. Анда алгачкылардан болуп грек-рим күрөшү боюнча балбандар куч сынашат.

Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудовдун (77 кг)  жана Жоламан Шаршенбеков (60кг) 1/8 беттештерин өткөрөт.

Мындан тышкары дагы кыргыз балбандары Атабек Азисбеков менен Раззак Бейшекеев да килемге чыгат.

 

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Таанылбаган Республиканын президенти колго түшүрүлдү

Азербайжан Республикасынын коопсуздук кызматы таанылбаган Карабах Республикасынын президенти Араик Арутюнянды колго түшүрдү. Ал бүгүн Баку шаарына жеткирилди. Арутюнян террористтик негиздерге таянган мыйзамсыз мамлекеттин лидери катары күнөөлөнүп жатат. Өткөн жумада экс-премьер министри менен президенттин кеңешчиси колго түшүрүлгөн эле. Азербайжан Тоолу Карабах аймагын толук көзөмөлүнө алды. Качкын армяндардын саны 100 миңден ашканы […]

Сизге жагышы мүмкүн