Сууну аз ичкен адамдын организми кандай өзгөрөт?

Автор

Сууну аз ичүүдөн жаралган көйгөйлөр тууралуу диетолог Агата Ахметдинова баа жеткис кеңештери менен бөлүштү.

«Организмде суунун жетишсиздиги биринчи кезекте бөйрөктүн ден соолугунун начарлашына алып келет, тынымсыз баш ооруну, тери кургап, булчуңдардын кысылуусун жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларын пайда кылат. Кошумчалай кетсек, бир аз убакыт өткөндөн кийин мээ сууну “чектей” баштайт – суусаганыңыз жоголот. Ал эми күнүнө талап кылынган 1,5-2 литр суунун ордуна бир стакан ичесиз. Бардыгы өз ордунда деп  болот ойлоп»  – деп айткан.

Эреже катары, балдарга суу балансын сактоо оңой – алар интуитивдик түрдө көбүрөөк ичишет. Ал эми жашы өткөн сайын адам эрксизден азыраак ичүүгө көнүп калат, суунун көбүн даамдуу альтернативалар менен алмаштырат: ширелер, чай, кофе, таттуу газдалган суусундуктар.

Жыйынтыгында:

– тери кургап, сыйра баштайт, чачтар сынып калат;

– кан коюуланат (ысыкта ал күчөйт);

– зат алмашуу бузулат;

Күнүнө канча суу ичүү керек?

Чоң адам күнүнө 2,5 литрден кем эмес таза суу ичиши керек, же 1 кг салмакка 30-40 г. Оптималдуу температура бөлмө температурасы, болжол менен 20-25 градус.

Эң негизгиси өзүңүздү мажбурлабаңыз. Бөтөлкө сууну көзгө көрүнбөгөндөй кылып жанында кармап, саатына 200 мл ичүү эң жакшы. Бирок, эгерде мурун аз ичкен болсоңуз, анда күн сайын 100 мл суу кошуп, акырындап көнүп алыңыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык эки балбан Азия чемпиону болду

Бишкекте 17 жана 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эки грек-рим балбаны Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Аталган мелдеш 10-июнда 17 жашка чейинки балбандар арасындагы таймаштар менен башталды. Жарыштын биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар 4 медаль тагынды. 45 кг салмакта Марлен Абдысаматов […]

Сизге жагышы мүмкүн