Сасык тумоодон сактаныңыз?

Автор

Көпчүлүк жөн эле суук тийгенби же грипп болуп атышабы жакшы айырмалай албай, дарыларды, өзгөчө антибиотикти туш келди ичип, ооруларын өтүштүрүп алышат. Бул тууралуу дарыгерлер эмне дейт?

Грипп – бул дем алуу органдарынын сезгенишине алып келген инфекциялык вирус. Бул бактериялык эмес, вирустук оору. Грипп соо адамга оорулу киши сүйлөп, жөтөлүп же чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Грипп суук тийгенден айырмаланып күтүүсүз жугат. Адам тердеп, денесинин табы 38,5 градуска жетип, тамак ооруп, булчүндар оор тартып, шалдыроо жана алсыроо басат. Баш чыңалып ооруп, жөтөл күчөйт.

Грипп суук тийгенден эмнеси менен айырмаланат? Суук тийүү вирустун башка түрү аркылуу келет. Аны мурундун вирусу деп коюшат. Бул учурда сизди чыйрыктырган калтырак баспайт. Сиздин абалаңыз демейдеги грипп абалындай болбойт. Мисалы, сөөк менен булчүңдарыңыз ооруксунбайт. Грипп биздин иммундук системабызды активдештирүүгө алып келет. Бирок бул адамды бир нече күнгө алсыратып салат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ок атышпоо келишими күчүнө кирди

Израил менен ХАМАС кыймылынын эки күнгө узартылган ок атышпоо келишими 28-ноябрда күчүнө кирди.  Анын алкагында Газа тилкесиндеги барымтадагы 20 израилдикти бошотуу, анын ордуна Израилдин түрмөлөрүндөгү 60 палестиналык туткунду чыгаруу пландалууда. Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал 7-октябрдан бери уланууда.  22-ноябрда тараптар Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү жана туткундарды алмашууну камтыган төрт […]

Сизге жагышы мүмкүн