Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту 

Автор

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Түркиянын президенти Садыр Жапаров тараптан колдоосун сезип жатканын, ал биринчилерден болуп көңүл айтуу үчүн телефон чалып, Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында көңүл айтуу китебине өзү жазуу калтырганын белгиледи. Түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берет.

Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган.

Ошону менен бирге Түркиянын президенти Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кыргыз эли боордош Түркияны колдоого дайым даяр экенин белгиледи.

Ал ошондой эле ушул жылдын 14-майына белгиленген президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстан өз ара сооданы көбөйтүү үчүн түрк тарап менен жигердүү иштөөгө жана өз ара аракеттенүүгө ниеттенүүдө.

Тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Бөлүшүү:
Next Post

Футбол: “Ак шумкарлар” Мьянма жана Индиянын командалары менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма жана Индиянын командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, оюндар 16-марттан 20-мартка чейин Калькутта шаарында (Индия) өтөт. Анда Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча үч улуттун эл аралык турниринин алкагында Индия жана Мьянманын курама командалары менен эки жолдоштук беттеш […]

Сизге жагышы мүмкүн