Садыр Жапаров ЕККУнун башкы катчысын кабыл алды 

Автор

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды.

Өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле жакынкы келечекте кызматташуунун приоритеттери тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ЕККУнун баш катчысы менен учурашып, өлкөбүзгө – социалдык-экономикалык өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, сот жана укук коргоо органдарына көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди

“Кыргызстан ЕККУну консенсус принцибине негизделген коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча катышуучу мамлекеттердин ортосунда тең укуктуу жана өз ара урматтоо диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу аянтча катары карайт”, – деп, Садыр Жапаров ЕККУнун Бишкектеги программалар кеңсесинин ишмердигин оң баалай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге президент төмөнкү багыттар боюнча ЕККУнун Кыргызстандагы долбоордук ишмердигин күчөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт, алар: чек ара коопсуздугун чыңдоо, укук коргоо органдарын реформалоону мындан ары колдоо жана алардын дараметин бекемдөө, электрондук коммерцияны өнүктүрүү, айрыкча өлкө региондорунда ишкердикти колдоо.

Мамлекет башчысы быйыл Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнүн 50 жылдыгын белгилеп жатканын эскертип, глобалдуу деңгээлде көтөрүлгөн тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү маселелерине кенен токтолду.

 

Тактап айтканда, Садыр Жапаров климаттык өзгөрүү кесепеттерине байланыштуу өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп «жашыл экономиканы» илгерилетүү, экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү жана айлана-чөйрөнү коргоо саналарын айтты. Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен «жашыл демилгелерди» илгерилетүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

Өз кезегинде Хельга Мария Шмид президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан уюмдун эң маанилүү өнөктөшү жана катышуучу-өлкөсү экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 6-июнда түнкү саат 03:11де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Сузак районунун Кара-Чолок, Таран-Базар- 3 балл, Кара-Алма, Саты, Калмак-Кырчын, Жийде, Канжыга, Сай, Карамарт, Ак-Тоок, Сары-Булак айылдарында жана Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет, Орказган айылдарында 2.5 […]

Сизге жагышы мүмкүн