Шашылыш билдирүү! Чүйдө жакынкы саатта катуу шамал болот

Автор

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат.

 

Кырсык катталган учурда «112» кыска номерине чалуу керек, байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Миллиардер: Убакыт – бул жалгыз чыныгы валюта"

Америкалык миллиардер Илон Маск күнүнө алты саат уктап, жумасына жети күн иштей турганын, анткени, убакыт жалгыз чыныгы валюта экенин айтты. Маск CNBC телеканалына берген маегинде: «Убакыт – бул жалгыз чыныгы валюта”,-деди ишкер. Ушул себептен Twitter социалдык тармагынын башкы директору кызматынан кетүүнү чечкенин айткан Маск өзүнүн башка Tesla жана Space X […]

Сизге жагышы мүмкүн