23-июнда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 23-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

 

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

 

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.

 

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловдун отставкасын колдоду

Парламент министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловду ээлеген кызматынан бошотуу боюнча “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Мекенчил” фракциясынын депутаттарынын сунушун колдоду. Анын отставкасына 77 депутат макул деди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн