reklam
reklam
hava 28° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 27,2522 % % 0.16
EURO 28,9118 % % 0.22
GRAM ALTIN 1.676,01 % % -0,02
ÇEYREK A. 2.740,27 % % -0,02
BITCOIN 719.707 % 0.549
Соңку кабар
reklam
Google News

Россияда кайрадан аскерге чакыруу кагаздары тапшырылууда

Son Güncelleme :

16 марта 2023 - 9:31

reklam
Россияда кайрадан аскерге  чакыруу кагаздары тапшырылууда
reklam

Воронеж, Липецк жана Пенза шаарларынын жашоочулары аскер комиссариаттарына чакыруулардын жаңы толкуну тууралуу билдиришүүдө. Бийлик муну ырастап, бирок муну Украинадагы согушка мобилизациянын экинчи этабына даярдыктын белгиси катары карабоо керектигин билдирди.
14-мартта Воронеж облусунун өкмөтү биринчилерден болуп аймактык деңгээлдеги аскер комиссариатына чакыруу баракчалары массалык түрдө таратылганын тастыктады.
15-мартта тизме дагы эки аймак, Липецк жана Пенза облустары менен толукталды.
Өткөн жылдын сентябрь айында Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ага 300 миңдей адам кирген.

reklam