Тергөө комитетинин башчысы мигранттарды мобилизациялоо боюнча пикирлерге кошулду

Автор

Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Россия жарандыгын алган Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды мобилизациялоо боюнча социалдык тармактарда айтылган пикирлерге кошулат. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.
Мигранттардын саны өсүп жатканын, аны менен бирге алар тарабынан жасалган оор кылмыштардын, өзгөчө ири шаарларда жасалгандыгын айткан жетекчи «Бул эл тарабынан айтылган кептер. Орустар фронтто жүргөндө мигранттар биздин тылды карап жатышат. Эгерде алар Россиянын жараны болсо, жарандык алган болсо, фронтко өтсүн. Жарандык милдетиңизди аткарбай жатасыз, мекениңизге кайтыңыз. Элдин сунушу ушундай»,-деген Бастырыкин.

Бөлүшүү:
Next Post

"Евровидение" сынагында Зеленскийге сөз берүүдөн баш тартышты

“Евровидение” сынагынын уюштуруучулары Украинанын президенти Владимир Зеленскийге иш-чаранын финалында видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Маалыматка караганда, Зеленский 160 миллиондук аудиторияны Украинаны колдоону улантууга чакыргысы келген. Бирок сынактын уюштуруучусу Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) украин лидеринин өтүнүчүн мактоого арзырлык ниет менен болсо да иш-чаранын эрежелерине карама-каршы келерин билдирди. “Евровидение” – […]

Сизге жагышы мүмкүн