Түндүк Кореяда Шойгуга жашыруун дрондор көрсөтүлдү

Автор

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түндүк Кореядагы иш сапарында  аталган өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен Пхеньяндагы курал-жарак көргөзмөсүнө барышты. Анда континенттер аралык баллистикалык ракеталарды, алардын мобилдик учуруучу аппараттарын, танктарды жана башка куралдарды карап чыгышты.  Шойгуга Түндүк Кореянын учкучсуз учактарынын эки үлгүсү көрсөтүлгөнү маалымдалды.

Шойгу менен Ким Чен Ындын жеке жолугушуусунда  глобалдык жана аймактык коопсуздук темасы боюнча пикир алмашылды. Россиянын министри  Пхеньянда корей элинин 1950-1953-жылдардагы согуштагы жеңишинин 70 жылдыгына арналган аскердик парадга катышары айтылды.

Сергей Шойгу аскердик делегация менен Түндүк Кореяга 25-июлда келген. Бул Россиянын жогорку даражалуу делегациясынын 2020-жылдан бери Түндүк Кореяга  жасаган биринчи сапары болду.

Бөлүшүү:
Next Post

29-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 29-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, […]

Сизге жагышы мүмкүн