Бишкектеги мектептерде коңгуроо ордуна комуз күүсү жаңырат

Автор

Бишкек мэриясы шаардагы сегиз орто мектепте салттуу коңгуроонун үнүн күүлөргө алмаштырууну чечти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун максаты – окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө.

Мэрия №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептер үчүн белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөрдү тандап алганын белгиледи.

Долбоор президенттин “Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында иштелип чыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда селден жабыркагандардын саны 14кө жетти

Түркияда селден жабыркагандардын саны 14кө жетти. Шанлыурфада 12 адам, дагы экөө коңшулаш Адыяман аймагында көз жумду. Нөшөрлөгөн жаандан улам бул аймактарда бир нече үйлөрдү суу каптаган. Көпүрөлөр жана жолдор бузулду. Жергиликтүү калк коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Метеорологдордун болжолдоолоруна караганда, аталган аймактарда жаан-чачын уланат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн