Президенттин ыйгарым укуктары узартылды

Автор

“Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоорунда Өзбекстандын президентинин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин көбөйтүү пункту камтылган. Документтин долбоору 15-мартта жарыяланды.
Конституциянын жаңы редакциясы өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзиёевге үчүнчү жолу катары менен шайланууга да мүмкүндүк берет. Буга чейин президенттикке шайлануу мүмкүнчүлүгү катары менен эки мөөнөт менен чектелчү.
Өлкөнүн азыркы Конституциясына ылайык, президенттин ыйгарым укуктары беш жыл. Тиешелүү түзөтүүлөр 2011-жылдын декабрында кабыл алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФА дүйнө чемпионатынын форматын өзгөрттү

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кеңеши уюмдун бул жумадагы конгрессинин алдында 4 командадан турган 12 тайпадан түзүлгөн 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун форматын бекитти. Бул тууралуу  ФИФАнын сайтында жазылууда. Маалыматка ылайык, 2026-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүндө Катардагы турнирдегидей 32 эмес, 48 команда катышат. 2017-жылы ФИФА 48 катышуучу ар бири үч командадан турган […]

Сизге жагышы мүмкүн