reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Президенттикке Мирзиёевден башка кимдер ат салышат?

Son Güncelleme :

06 июня 2023 - 8:58

reklam
Президенттикке Мирзиёевден башка кимдер ат салышат?
reklam

Өзбекстандын президенттигине Мирзиёевден башка кимдер ат салышат. Талапкерлер тууралуу эмне белгилүү?
Президенттик жарышка Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевден тышкары дагы үч талапкер катышууда.
Алардан Улугбек Иноятов 2013-2018-жылдары Эл агартуу министри болуп иштеген. 2018-жылдын июнь айынан бери Наманган мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келет. Ал 2019-жылы жайында Элдик демократиялык партияны жетектеген.
“Адолат” социал-демократиялык партиясынан талапкер Робахон Махмудова Фергана облусунун кылмыш иштери боюнча сотунун төрайымы жана Өзбекстан президентинин Фергана облусу боюнча эл кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал Сенаттын илим, билим жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы болгон. 2020-жылдан бери Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары – административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымы.
Абдушүкүр Хамзаев — Мамлекеттик токой чарба комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, Токой чарба илим-изилдөө институтунун экс-директору. Ал былтыр декабрда Экологиялык партиянын төрагалыгына шайланган.
Талапкерлерге шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде Улуттук телерадиокомпаниянын республикалык жана областтык телерадиоканалдарында бекер эфирдик убакыт, ошондой эле бир катар республикалык жана жергиликтүү гезиттерде бош орун берилет.

 

reklam