Майклдын майкасы 3 миллион долларга сатылды

Автор

Улуттук баскетбол ассоциациясынын (NBA) алты жолку чемпиону Майкл Джордандын 1992-жылы Олимпиадада  баскетбол боюнча жарым финалда Литва менен ойногон футболкасы аукциондо 3,03 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу “ Goldin Auctions” аукцион үйүнүн сайтында маалымдалды.

АКШнын улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу Карл Мэлоун беттешке катышкан командалаштарынын футболкаларын аукционго койду. Ошондой эле Ларри Берд (360 миң доллар), Мэжик Джонсон (336 миң доллар), Чарльз Баркли (230 миң доллар) жана башкалардын формалары сатылды.

Буга чейин Джордандын 1998-жылкы НБА формасы, ошондой эле 1998-жылы Юта менен болгон NBA финалынын 2-оюнундагы бут кийими 10 миллион долларга сатылган. Атын атабаган сатып алуучу бут кийимди 2,2 миллион долларга сатып алган.

Эске салсак, Майкл Джордан – эки жолку Олимпиада чемпиону (1984, 1992).

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров ЕККУнун башкы катчысын кабыл алды 

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмидди кабыл алды. Өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле жакынкы келечекте кызматташуунун приоритеттери тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы ЕККУнун баш катчысы менен учурашып, өлкөбүзгө […]

Сизге жагышы мүмкүн