Пашинян Армениянын ЖККУга катышуусун токтотконун жарыялады

Автор

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян француз телеканалына берген маегинде өлкөсүнүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) катышуусун токтотуп жатканын билдирди.
Премьер-министр Арменияга байланыштуу жамааттык коопсуздук келишими аткарылбай калганын баса белгилеп “Биздин оюбузча, Арменияга карата жамааттык коопсуздук келишими, өзгөчө 2021-2022-жылдары аткарылган жок. Биз бул келишимге катышуубузду тоңдурдук. Келгиле, мындан ары эмне болорун көрөбүз”,-деди ал.
Мындан бир нече күн мурда Минскте ЖККУнун саммити өткөн, бирок жыйында Армениядан эч ким болгон эмес. Иш-чарага аз калганда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышпай турганы белгилүү болуп, кийинчерээк ал ЖККУдан чыгуу тууралуу сөз болбогонун, бирок блок менен Армениянын өзү кийинки кадамдарды ойлонушу керектигин билдирген. Пашиняндын айтымында, өлкө коопсуздук тармагында башка өнөктөштөрдү издеп жатат.
ЖККУга учурда Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты уланууда

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнү килемде күрөштүн эркин стили боюнча беттештер өтүүдө. Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда: Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 64, […]

Сизге жагышы мүмкүн