Париж-2024: Орусиялык спортчуларга Олимпиадага бейтарап статуста катышууга уруксат берилди

Автор

Эл аралык Олимпиада комитети(МОК) орусиялык жана беларусиялык спортчулардын 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына бейтарап катышууга уруксат берди. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтына жарыяланды.
Россия жана Беларус улуттук олимпиадалык комитеттерине тиешелүү желек, гимн же символдор менен байланышкан ар кандай иш-чараларга катышууга тыюу салынат. Эки өлкөнүн спортчулары AIN (Athlete Individuel Neutre; француз тилинен – жеке нейтралдуу спортчулар) аббревиатурасы менен күч сынашат. Көрүүчүлөр дагы спортчулар сыяктуу эле, олимпиадалык жайларда улуттук символдорду көрсөтүүгө болбойт.
Украинадагы окуяларды активдүү колдогон же Россиянын же Беларустун аскерий түзүмдөрү менен байланышы бар спортчулар жана кызматкерлер катышууга киргизилбейт. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү Олимпиадага келе албайт.
Париждеги Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин президенттик шайлоого катышарын билдирди

Владимир Путин жаңы, бешинчи президенттик мөөнөткө ат салышарын билдирди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын президенти Кремлде Ата Мекендик Баатырлар күнүнө карата Россиянын баатырларын сыйлоо аземинен кийин билдирди. 6-декабрда Россия Федерациясынын Федерация Кеңеши президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгиледи. Владимир Путин Россиянын президенттигине төрт жолу – 2000, 2004, 2012 жана 2018-жылдары шайланган. Конституцияга […]

Сизге жагышы мүмкүн