Путин президенттик шайлоого катышарын билдирди

Автор

Владимир Путин жаңы, бешинчи президенттик мөөнөткө ат салышарын билдирди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын президенти Кремлде Ата Мекендик Баатырлар күнүнө карата Россиянын баатырларын сыйлоо аземинен кийин билдирди.
6-декабрда Россия Федерациясынын Федерация Кеңеши президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгиледи.
Владимир Путин Россиянын президенттигине төрт жолу – 2000, 2004, 2012 жана 2018-жылдары шайланган. Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин ал 2024-жылдагы шайлоого талапкерлигин көрсөтүү укугуна ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМКнын билдирүүсүн Конституциялык Сот четке какты

Конституциялык Соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев баш болгон бир катар кызматкерлерге кылмыш иши козголду. УКМК маалымдагандай, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, судьяларга келген чет өлкөгө чыгуу иш сапарларын өздөрү пайдаланып жүрүшкөн. Бирок, Эмил Өскөнбаев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, мындан мурда жубайы менен бир, эки жолу чет өлкөгө чыгып келишкенин, […]

Сизге жагышы мүмкүн