Париж -2024: Олимпиада оюндары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Автор

2024-жылга белгиленген Париж Олимпиада оюндары өлкөдөгү баш аламандыктардын айынан үзгүлтүккө учурашы  мүмкүн. Чет элдик спорт кабар агенттиктеринин маалыматына караганада Францияда Олимпиадага каршы кыймыл күч алды.

Оюндардын үзгүлтүккө учурашына президент Эммануэль Макрон баштаган пенсия реформасы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Митингчилер Олимпиаданы бийликке кысым көрсөтүү рычагы катары колдонушу мүмкүн.

Акциянын катышуучулары Париждеги Олимпиаданы токтотуу демилгесин көтөрүштү. Тиешелүү кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланды. Бирок азырынча конкреттүү кадамдар жасала элек.

Франциянын профсоюздары бул чакырыкты колдошкон жок. Бирок уланып жаткан нааразылык акциялары оюндарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө да, катышуучулардын жана коноктордун коопсуздугуна да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент: Акимдер шаарларды жөө кыдырышы керек

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө жана акимчиликтерге республиканын бардык шаарларын иретке келтирүүгө олуттуу көңүл бурууну тапшырды. “Моюнга алуу керек, шаарлар жакшы көрүнбөйт – балдар аянтчалары жабдылган эмес, үйлөр эскирген. Чыгыш Европада, Балкандарда, бюджети алда канча азыраак шаарлар таза көрүнөт. Бул муниципалдык бийликтин иши болсо керек. Экинчи жагынан шаардыктардын өздөрүнүн мамилеси, […]

Сизге жагышы мүмкүн