Бүгүн “Акшумкарлар” Ооганстан курамасы менен беттешет

Автор

Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо  Кыргызстандын курамасы Ооганстандын курамасы менен беттешет.  Оюн “CAFA NATIONS CUP-2023” мелдеши  алкагында саат 20:00 башталат.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтө турган болгон.

Бүгүн мелдештин биринчи күнүндө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до Кыргызстандын курамасы Ооганстандын курамасы менен ойнойт.

 

«В» тайпасындагы беттештердин жүгүртмөсү:

 

10-июнь: Кыргызстан – Ооганстан

 

13-июнь: Иран – Ооганстан

 

16-июнь: Кыргызстан – Иран

 

Беттештер бир айлампада өткөрүлөт. Анда тайпалардын жеңүүчүлөрү Ташкент шаарында финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Табигый өрттүн аянты 30 миң гектарга жетти

«Семей Орманы» коругунда өрттүн аянты 30 миң гектарга чейин көбөйдү. Жума күнү эртең менен Абай районунун акимиаты өрт үч аймакта, азыр Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча алты жерде өчүрүлүп жатканын кабарлады. «Абай районундагы өрттү өчүрүү алты участокто уланууда. Токой чарба комитетинин маалыматы боюнча, өрттүн алдын ала аянты 30 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн