Президент: Акимдер шаарларды жөө кыдырышы керек

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө жана акимчиликтерге республиканын бардык шаарларын иретке келтирүүгө олуттуу көңүл бурууну тапшырды.
“Моюнга алуу керек, шаарлар жакшы көрүнбөйт – балдар аянтчалары жабдылган эмес, үйлөр эскирген. Чыгыш Европада, Балкандарда, бюджети алда канча азыраак шаарлар таза көрүнөт. Бул муниципалдык бийликтин иши болсо керек. Экинчи жагынан шаардыктардын өздөрүнүн мамилеси, бизде жетишсиз”,-деди мамлекет башчы өкмөттөгү жыйында.
Президенттин айтымында, айрым жарандардын өз көчөлөрүнө жана үйлөрүнө кайдыгер.
«Бул Астанада да болуп жатат. Борбордун макамы чет жакаларына да дал келиши керек. Акимдер өз шаарларын, калктуу конуштарды, ошондой эле борборду жөө кыдырып чыгышы керек»,-деди Токаев.
19-апрелде президент Токаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган жыйын өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

 Кыргызстандык спортчулар бокс боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Ташкентте 1-14-майда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КР Бокс федерациясынан билдиришти. Спортчулар башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучу Улан Сагынбаев менен Акыйкат Абаевдин кол алдында мелдешке даярдык көрүүдө.   Дүйнө чемпионатынын байге фонду 5,2 млн долларды түзөт:   1-орунга 200 миң доллар; […]

Сизге жагышы мүмкүн