“Мекеним Кыргызстан” Матраимовдор боюнча үн ката элек

Автор

Аталган партиянын төрагасы Мирлан Бакиров менен экс-депутат Таабылды Тиллаевдин олуттуу окуялар боюнчө үн катпай, дымып калышканы эмнеси? Кечээ камакка алынган Раимбек Матраимов менен партиялаш жана пикирлеш экенин ким танат? Алар 2021-жылдагы Матраимовду колдоо акциясына чыгып, сөз сүйлөшкөнү, Бишкектен кийин Ошко учуп барышканы ошол кезде коомчулуктун талкуусуна жем таштаган. Ал эми 2020-жылы “Мекеним Кыргызстандын” тизмеси аркылуу парламенттик шайлоого аттанган Гулшаркан Култаева, Бактыбек Райымкулов, Иса Омуркулов, Алиярбек Абжалиев, Бөдөш Мамырова, Жапаркул Ормонов, Кыянбек Сатыбалдиев жана Нурлан Максутов сыяктуу аттуу, баштуулар да демин ичине катып, дымып калышты. Алар мындай аракети аркылуу УКМКнын мафия менен күрөшүн колдоп жатышабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Шольц: Чалгын кызматы теракт тууралуу билген эмес

Немис чалгын кызматтарында Крокус Сити Холл имаратында боло турган теракт тууралуу маалымат жок болчу. Тиешелүү билдирүүнү Германиянын канцлери Олаф Шольц жасады. “Бирок америкалык чалгын кызматтарында илинчектер болушу мүмкүн”,-деген Шольц Россияда коркунучтуу теракт болгонун “өкүнүчтүү” деп атады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн