13-апрелге карата аба ырайы

Автор

13-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18… +23,

Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… +13, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +14…+19,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 9…+5, күндүз + 16…+21.

Бишкекте түнкүсүн +7…+9, күндүз, +20…+22 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия чемпионаты -2024: Тайырбек Жумашбек уулу Азия алтын медаль алды

Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын жеңип алды. Кыргызстандык балбан 61 кг салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышып, алгач 1/8 финалда Түндүк Кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан. Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи […]

Сизге жагышы мүмкүн