Бүгүн Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Автор

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, саммиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алаары күтүлүүдө.

“КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт”, – деп жазды ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 13-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.10 сомдон  болсо, сатуу  89.22 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.17 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн