reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргыз-казак чек арасындагы 500дөй унаа кезекте турат

Son Güncelleme :

20 ноября 2023 - 11:58

reklam
Кыргыз-казак чек арасындагы 500дөй унаа кезекте турат
reklam

Бүгүн, 20-ноябрь саат 11:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек — автожол” бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык «Ак-Тилек» постунун алдында 500гө жакын унаа кезекте турат. Ал эми өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 унаа өткөн.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, жаныбарлар жана тез бузулуучу азык-түлүк менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт.

reklam