Орусияга азык-түлүк жөнөтүүдө формалдуу мамиле жасалып жатат

Автор

Орусия бул сапар Кыргызстандан барган жүгөрүдө ГМО бар деп киргизбей жатканы белгилүү болду. Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык кызматы Кыргызстандан барган жүгөрүлөрдүн жада калса, документтери да туура эмес болуп жатканын билдирүүдө. Мындан мурда балык жана сүт азыктарын киргизбей, ал ортодо Кыргызстандын өндүрүшүнө таандык “Тойбос” чучуктарында чочконун аралашмасы табылды деп элди чуу кылган эле. Бирок, министрлер кабинетинин төрагасы мындай көрөнүштө Орус тарапты эмес биздин тийиштүү кызматтарды күнөөлөп, ” биздин кызматтарда суроолор бар. Мен бул жерде чоң саясатты көргөн жокмун. Бирок ЕАЭБтин төрт принциби иштебей жатканы мени тынчсыздандырат. Биз товарлардын өтүү эркиндигин камсыз кылышыбыз керек. Биринчи кезекте бул албетте, Орусия”,- деген. Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык кызматы Кыргызстан Орусияга азык-түлүк жөнөтүүдө формалдуу мамиле жасап жатышканын билдиргени белгилүү болду

Бөлүшүү:
Next Post

Замир Юсупов Ош шаарына вице-мэр болду

Замир Юсупов Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.   Замир Юсупов курулуш жана муниципалдык менчик тармагын карайт. Калаанын курулуш тармагын караган вице-мэр Жасур Азимов 5-апрелде кызматынан кеткен. Дээрлик 20 күн бош турган […]

Сизге жагышы мүмкүн