Дзюдочулар өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 5 медаль алышты

Автор

Өлкөбүздүн дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында  өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

«Кыздар арасында 57 кг чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, +70 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды.

Балдар арасында 55 кг чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 кг чейинки салмак категориясында Арсен Анарбеков жана 90 кг чейинки салмакта Даут Полтушев коло медалдарга ээ болушту.

Жалпы командалык эсеп боюнча ата-мекендик спортчулар 5-орунду ээлешти

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 26-27-ноябрь күндөрү Анкара шаарында өтөт. “Маданият күндөрү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына, белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата уюштурулууда”, – деп айтылат маалыматта. Элчилик бардык мекендештерди жана досторду иш-чараларга […]

Сизге жагышы мүмкүн