Кыргызстандын ИПДсы 4.4%га көбөйдү

Автор

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 264.5 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131.1 млрд сомду түздү.

2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу  химиялык продукциянын (32%), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (19.3%), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (18.4%), резина, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарынын (16.3%), фармацевтикалык продукциялардын (12.9%), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,.5%), негизги металлдардын (1%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (12.7%) көлөмүн жогорулатуунун эсебинен 4.6% көбөйдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы чыгарылат

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы  романы келерки жылы чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда. Маалыматка ылайык, атактуу жазуучунун урпактары анын жарыкка чыга элек “Биз сени август айында көрөбүз” романын келерки 2024-жылдын жазында классиктин каза болгонунун 10 жылдыгына карата чыгарышат. Бул  Мексикадан башка бардык испан […]

Сизге жагышы мүмкүн