Дыйкандарга күйүүчү май 65 сомдон бериле баштады

Автор

Дыйкандарга күйүүчү май 65 сомдон бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 42,1 миң тонна күйүүчү май керектелсе, нефтебазаларда жана май куючу жайларда 25 миң тонна дизелдик отун, 20 миң тонна бензин бар.
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Red Petroleum компаниясынын ортосунда дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдин негизинде райондорго бөлүштүрүлүп, жазгы талаа жумуштарына 3 млн литр дизель 65 сомдон бериле баштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин өзөктүк сыноолор боюнча: АКШ өткөрсө, анда биз да өткөрөбүз

Путин өзөктүк сыноолор боюнча: Америка Кошмо Штаттары өткөрсө, анда биз да өткөрөбүз Владимир Путин 21-февралда Федералдык жыйында кайрылуусунда Москва Стратегиялык чабуул койчу куралдарды кыскартуу жөнүндө эл аралык келишимди убактылуу токтоторун жарыялады. Ал эгер АКШ биринчилерден болуп өзөктүк сыноо өткөрсө, Россия өзөктүк сыноолорду өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал АКШда […]

Сизге жагышы мүмкүн