Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы чыгарылат

Автор

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы  романы келерки жылы чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, атактуу жазуучунун урпактары анын жарыкка чыга элек “Биз сени август айында көрөбүз” романын келерки 2024-жылдын жазында классиктин каза болгонунун 10 жылдыгына карата чыгарышат.

Бул  Мексикадан башка бардык испан тилдүү өлкөлөрдө чыгарылат. Аны англис, француз, немис жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Романда  жыл сайын 16-августта апасынын мүрзөсүнө зыярат кылып, маркум менен  болгон сезимдерин бөлүшүп турган аял  сүрөттөлөт. Маркес ден соолугуна байланыштуу бул китепти аягына чыгара албай калган. Жазуучу каза болгондон кийин роман 10 жылдай Техас университетинин архивинде сакталып турган.

Жыйнактын үзүндүсү 2014-жылы испаниялык “La Vanguardia”  басылмасы тарабынан жарык көргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК салык кызматкерлерин кармады

  Күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү коргоп, жардам кылгандыгы үчүн салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.   Мамлекеттик салык кызматкерлеринин көзөмөлү астында күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ташып келүү жана сатуу боюнча коррупциялык схеманы аныкталды. Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке […]

Сизге жагышы мүмкүн