Кыргызстанда экономиканын өсүш темпи 104,4%ды түздү

Автор

2023-жылдын январь – ноябрында Кыргызстанда ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) 1 трлн 72,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4% ды түзгөнүн белгиледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилинде 106,3%га жеткен.

“2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүш темпи 104,5% түзөт, өнөр жай, кызмат көрсөтүү сыяктуу секторлордун аркасында, ал эми инфляциянын деңгээли (2023-жылдын декабры 2022-жылдын декабрына карата) 10 пайыздан төмөн болжолдонууда, бул бир жагынан азык-түлүк инфляциясынын өсүшүнүн уланып жаткан басаңдашы, экинчи жагынан инфляциялык күтүүлөрдүн жогорку деңгээлинин сакталышы жана туруктуу базалык инфляция менен шартталган”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

2023-жылдын негизги илимий ачылыштары аталды

Абройлуу Science журналынын редакторлору 2023-жылдагы илимий дүйнөдөгү негизги ачылыштарды тизмектеп чыкты. Тизменин башында глюкагон сымал пептид-1 (GLP-1) негизиндеги семирүүгө каршы дарылар сап башына чыкты. Алар: Ozempic, Wegovy, Rybelsus жана башка дарылар белгиленген. Дарылар ичегилерде синтезделген GLP-1 гормонун туурашат. Алар кант диабетин дарылоодо жардам берет, ошондой эле табитти азайтат жана арыктоого […]

Сизге жагышы мүмкүн