Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы келет

Wp Pw

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 9-10-мартта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуулары пландалган.

Белгиленгендей, Тасмагамбетов ЖККУ башкы катчысы катары Бишкек алгачкы жолу келет.

Next Post

Жер титирөөлөр 100 миллиард доллардан ашык зыян келтирди

Түркиядагы жер титирөөлөрдөн келтирилген экономикалык зыян 100 миллиард доллардан ашат деп бааланууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын өкүлү Луиза Винтон билдирди. Ал белгилегендей, жер титирөөлөрдүн натыйжасында кырсык болгон аймактан үч миллионго жакын адам жер которгон. Жер титирөө 600 миңге жакын имаратты кыйратты. 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7 баллдан […]