Криштиану Роналду быйыл кубоксуз калды

Автор

Жылына рекорддук 200 миллион еврого Сауд Аравиянын “Аль-Наср”  клубуна өткөн атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду  быйылкы сезондо кубоксуз калды. Ал келгенге чейин  аравиялык клуб өлкө чемпионатында алдыңкы орунда турган.

«Аль-Насрдын» алдында Сауд Аравиясында чемпион болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, бирок кышында Роналду келгенге чейин улуттук турнирде алдыңкы орунда турган. Буга чейин команда өлкө кубогунан четтеп, Суперкубокто утулуп калган.

«Аль-Наср»  клубунун жетекчилиги жана футболчулары  дүйнөнүн эң мыкты оюнчуларынын бири  болгон  Криштиану Роналду аларга өткөндө аябай кубанышкан. Бирок, Криштианунун  келиши менен команда улуттук чемпионаттан ылдыйлап, натыйжада кубоксуз калды.

Белгилей кетсек, Криштиану  бул сезондо эч нерсе ута алган жок. Эске салсак, 2021-2022-сезондо чабуулчу англиялык “Манчестер Юнайтеддин” курамында ойногондо да бир дагы ири турнирди жеңе алган эмес. Роналдунун акыркы кубогу 2021-жылдын май айында Ювентус менен Италия Кубогу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүнкү доллардын курсу. Бүгүн, 29-майга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6 сом  болсо, сатуу  88.1 сом  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 59 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн