Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунан күтүүсүздөн  кетти

Автор

Кыргызстан улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гулжигит Алыкулов  алматалык “Кайрат” клубунан кетти. Бул тууралуу  клубдун расмий сайтында  кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз футболчусу менен келишим тараптардын өз ара макулдашуусу менен токтотулган.

Алыкулов “Кайраттын” курамына 2020-жылы кошулган. Алматылык клуб менен футболчу Казакстан чемпионатын жана өлкө кубогун уткан.

Ошондой эле, УЕФА Конференция лигасынын тайпалык баскычында ойногон.

Белгилей кетсек, Алыкулов “Кайраттын” катарында  99 беттеш өткөрүп, 13 гол киргизип, 9 натыйжалуу пас чыгарган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Жалгыздык деген эмне?

Сиздин оюңузча “Жалгыздык”  деген эмне? Франц Кафка: “Жалгыздык – бул Бакыт…” Олдос Хаксли: “Эгер сиз башкача болсоңуз, анда сиз жалгыздыкка жакынсыз…” Ф.М. Достоевский : “Адамдын оптималдуу абалы – жалгыздык” Вирджиния Вулф: “Жалгыздык сен ашык болгондон кийин дароо жандана баштайт” Сильвия Плат: “Жалгыздык – өз ичиңде тоголонуу” Чезаре Павезе: “Өткөндү эңсөө” […]

Сизге жагышы мүмкүн