reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 742.658 % -0.318
Соңку кабар
reklam
Google News

Космос станциясын таштандылардан сактоо аракети көрүлдү

Son Güncelleme :

07 марта 2023 - 9:33

reklam
Космос станциясын таштандылардан сактоо аракети көрүлдү
reklam

«Прогресс МС-22» жүк ташуучу кемеси Эл аралык космос станциясын космостук калдыктар менен кагылышуудан сактоо аракетин көрдү.
«Эл аралык космос станциясынын орбитасы космостук калдыктар менен кагылышуудан сактануу үчүн «Прогресс МС-22″ жүк ташуучу унаасынын кыймылдаткычтары аркылуу жөнгө салынды»,-деп билдирди Роскосмос мамлекеттик корпорациясы.
Белгиленгендей, Москва убактысы боюнча 15:42де кеменин кыймылдаткычтары иштетилип, 375,8 секунд иштеп, 0,7 м/сек импульс берген.
Натыйжада, МКС орбитасынын орточо бийиктиги биздин планетанын үстүнөн 418,59 чакырым болгон»,-деп билдирди Роскосмос.

reklam