Түркиядагы шайлоонун жыйынтыгы 52- 49 %  болоору болжолдонууда

Автор

14-май базар күнү Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо болуп өтөт. Президенттикке аттанган 4 талапкердин бири Мухаррем Инже 11- майда талапкерлигин алып салды. Бүгүн, 12-майда дагы бир талапкер Синан Оган жарыштан чегинээри божомолдонуп жатат. Күрөш Режеп Тайип Эрдоган менен Кемал Кылычтар уулу арасында жүрөөрү белгилүү болду. Элдин тамырын тартып, сурамжылоо жүргүзгөн уюмдар эки талапкердин добушу 52% – 49% болоорун божомолдошууда. Учурда Түркияда шайлоо өнөктүгү катуу жүрүп жатат. Талапкерлердин жыйындарына катышкан калктын саны 1.5 млн адамдан ашты.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлуу “оппозиция жеңсе деле бул – саясий төңкөрүш болот”,- деп билдирүү таратты. Түркиянын шайлоо өнөктүгүнө көз салгандар оппозициялык блоктун активдүүлүгү көбүрөөк деген пикирлерин билдиришүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды

Россия 18-майда Украинага Батыштын курал-жарактарын жеткирүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранган. Бул тууралуу Россиянын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдирди. Бир күн мурда Улуу Британия Украинага 250 чакырымдан ашык уча турган бир нече Storm Shadow канаттуу ракеталарын бергени маалымдалган. Лондон Киевден бул ракеталарды […]

Сизге жагышы мүмкүн