Путиндин Карлсон менен болгон маеги 50 миллиондон ашык көрүлдү

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маегинин толук эки сааттык версиясы Москва Кремлинин сайтына жарыяланды.
Өз кезегинде Карлсон Путин менен болгон маегин англисче синхрондуу котормо менен өзүнүн Tucker Carlson Network видеоплатформасында жана X социалдык тармагында жайгаштырган. X социалдык тармагындагы видеону көрүүлөрдүн саны 50 миллиондон ашкан.
Карлсон ангемелешуу 6-февралда Кремлде болгонун билдирди. Эки сааттан ашык убакытта Путин 60 суроого жооп берди. Маектин негизги темасы атайын операция – анын өбөлгөлөрү, тынчтык жол менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү, Батыш менен болгон мамилелер болду.

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФА футболго көк картанын киргизилиши тууралуу үн катты

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) футболго көк карта киргизилери тууралуу үн катты. Тагыраак айтканда оюнчу атайылап эреже бузууга барса же матчтын расмий өкүлү менен макул болбосо, оюн талаасынан 10 мүнөткө четтетилет деген буга чейинки маалыматтарга жооп кайтарды. ФИФА футболдун элиталык деңгээлинде көк карта деп аталган маалымат туура эмес жана эрте […]

Сизге жагышы мүмкүн