reklam
reklam
hava 24° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,2363 % % 0.1
EURO 28,8450 % % -0.02
GRAM ALTIN 1.674,70 % % -0,10
ÇEYREK A. 2.738,13 % % -0,10
BITCOIN 720.001 % 0.573
Соңку кабар
reklam
Google News

Кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш болгон 3780 үй-бүлө бар

Son Güncelleme :

13 апреля 2023 - 14:27

reklam
Кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш болгон 3780 үй-бүлө бар
reklam

Кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш болгон 3780 үй-бүлө бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Мониторинг жана божомолдоо департаменти тарабынан 438 изилдөө иштери аткарылып, анын 102си жер көчкү процесстерине байланыштуу болгон.

Бүгүнкү күндө эң коопту делип аныкталган жер көчкү тилкелери Өзгөн районундагы бешөө, Кара-Кулжа районунда үчөө, Алай районунда экөө, Аксы районунда үчөө жана Базар-Коргон районунда бирөө.

Кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш болгон 3 780 үй-бүлө бар. Анын ичинен 1468и мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин албагандар. Бирок 2312си мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин алып көчпөгөндөр.

Кооптуу аймактарда жашаган жарандарды көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.

reklam