Бул аптада күн жылый баштайт. Синоптиктердин  божомолу

Автор

Кыргызстанда эртеңден тарта аба ырайы жылый баштайт. Бул тууралуу  Кыргызгидромет борбору билдирет

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарында 19-24-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Чүй облусунда 19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-апрелде күндүз, 20-24-апрелдерде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

 

25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Талас облусунда 19-24-апрелдерде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

 

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ош облусунда 19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

 

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 

21-24-апрелдерде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

 

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Жалал-Абад облусунда 19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-апрелде күндүз, 20-24-апрелдерде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

 

25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Баткен облусунда 19-24-апрелдерде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

 

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ысык-Көл облусунда 19-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

 

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-25-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент жана биринчи айым биргелешкен салык декларациясын жарыялады

АКШнын президенти Жо Байден жана биринчи айым Жилл Байден биргелешкен салык декларациясын жарыялады. Анда үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 579,500 доллар, анын 169,800 доллары 2022-жылы федералдык салыктарга төлөнгөн. Мындан тышкары, жубайлар 20 түрдүү кайрымдуулук уюмуна 20,1 миң доллар өлчөмүндө кайрымдуулук кылганы тууралуу маалымат беришти. Алардын эң көбү балдарды зордук-зомбулуктан коргоого арналган Бо […]

Сизге жагышы мүмкүн