+40: Аптаптуу ысык 19-июлга чейин уланат    

Автор

17-19-июль күндөрү өлкө аймагында ысык аба ырайы сакталып, абанын күндүзгү табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин болушу күтүлөт.

Адистер мындай кургак ысык аба ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаш керектигин эске салат. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылды

Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтымында, тергөө иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, техникалары алынган.   «Мындан бир  нече күн мурда Ошто казино иштеп жатканы боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн