Индонезияда Мерапи жанар тоосу атылды

Wp Pw

Индонезиянын Ява аралында Мерапи тоосу атылып, лава кратерден 1,5 чакырымга чейин агып кеткенин Индонезиянын табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Мекеме жергиликтүү тургундарга жанар тоого 7 чакырымдан азыраак жакындабоого кеңеш берди.

Жарылуудан чыккан заттардын каптоосу 7 чакырымдан ашса, жакын жашаган тургундарды көчүрүү сунушталат.

2190 метр бийиктиктеги Мерапи тоосу Индонезиядагы эң активдүү тоолордун бири болуп эсептелет. Акыркы ири жанар тоо атылышы 2010-жылы болгон. Андан кийин 353 адам жоготууга учураган.

Next Post

Тик Токко тыюулар уланууда

Бельгиянын бийлиги ТикТокту өкмөттүк телефондордо колдонууга убактылуу тыюу салды. Бул чаралар киберкоопсуздук, купуялуулук жана жалган маалыматка байланыштуу тынчсыздануулардан улам кабыл алынган. Мамлекеттик кызматкерлерге аталган колдонмону жеке түзмөктөрүнө орнотууга гана уруксат берилген. Буга чейин социалдык тармакка АКШ менен Канаданын бийлиги, ошондой эле Еврокомиссия тарабынан тыюу салынган.