Францияда тополоңдун толкуну азайды

Автор

Францияда 17 жаштагы африкалык өспүрүм полициянын огунан каза болгондон кийин башталган тополоңдор уланууда. Көптөгөн шаарларда демонстрациялар уюштурулуп, коопсуздукту 45 миң полиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.

Бүгүн, алтынчы күндө чыңалуу басаңдаган жок бирок  бийлик тартип сакчыларынын аракетинен улам абал «тынч болуп» калганын билдирүүдө.

Ички иштер министри Жеральд Дарманин Твиттердеги баракчасына: “Түн укук коргоо органдарынын чечкиндүү аракеттеринин аркасында тынчыды” деп жазды.

Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам камакка алынган. Кармалгандардын көбү 13-14 жаштагылар болууда. 79 полиция жарадар болуп, 234 имарат өрттөлгөн же талкаланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдарга апасынын атын берүү маселеси талкуу жаратты

Кыргызстанда балдарга апасынын атын берүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу  активист Алтын Капалова соцтармактагы баракчасына  жазды. Анын айтымында,  ар бир бойго жеткен кыргызстандык атасынын атын эмес, апасынын атын ала алат. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Мамлекеттик катчы 16 жаштагы баланын апасынын атын алуусуна каршы чыкты «Атанын аты менен гана тукум […]

Сизге жагышы мүмкүн