Казакстандын БШКсы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады

Автор

Казакстандын парламентине алты партия кирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча “Аманат” партиялык тизме боюнча добуш берүүдө 53,9 пайыз добуш алды.
Беш пайыздык босогону “Ауыл” элдик-демократиялык патриоттук партиясы 10,9 пайыз, “Республика” партиясы 8,59, Казакстан Элдик партиясы 6,8 пайыз, Казакстандын “Ак жол” Демократиялык партиясы 8,41 добуш алды.
2,3 пайыз алган “Байтак” Жашылдар партиясы босого чектен өтө алган жок.
19-мартта Казакстанда парламентти жана депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Шайлоочулардын акыркы көрсөткүчү 54,21 пайызы болду.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.   Кар көчкү коркунучу бар тилкелер:   Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);   Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу);   Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы […]

Сизге жагышы мүмкүн