Жапаров АКШ сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды

Wp Pw
0 0
Read Time:1 Minute, 2 Second

Президент Садыр Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору (Монтана штатынан) Стив Дэйнсти кабыл алды.
Эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эл аралык жана аймактык маселелер, анын ичинде эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы өз-ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Сенатор менен салам алышкандан кийин Мамлекет башчысы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.
Садыр Жапаров сенатордун Кыргызстанга жасаган сапары ийгиликтүү болуп, эки өлкө менен элдердин ортосундагы мамилелерди мындан ары бекемдөөгө көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.
Көп тараптуу форматтагы кызматташтык тууралуу айтып жатып, ал Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жалпы кызыкчылык экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан “C5+1” (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну улантат.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде АКШ сенатору Стив Дэйнс Мамлекет башчысына Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүк маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Стив Дэйнс Борбор Азия регионунун стратегиялык маанисине басым жасап, региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда көп пландуу диалогду улантууну жактай тургандыктарын тастыкташты.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Зеленский: Куралдуу күчтөр Россиянын чабуулуна даяр эмес

Украинанын президенти Владимир Зеленский CBS телеканалына берген маегинде алардын аскерлери кыш айларында Россиянын каршы чабуулун токтото алганын айтты. “Биз кырдаалды турукташтырдык. Мындан эки-үч ай мурда артиллериялык ок-дарылар жана курал-жарактардын ар кандай түрлөрү тартыш болуп турган”,-деди ал. Ошол эле учурда украин лидери белгилегендей, Украинанын Куралдуу күчтөрү жакында майдын же июнь айынын […]