Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү узартылды

Автор

Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чектөө 1-октябрга чейин узартылды.

Митингге чыгууга болбой турган жайлардын тизмесинде «Ала-Тоо» аянты; Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин; Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында; Панфилов паркында; Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде; Жогорку соттун алдында; Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында; УКМК имаратынын жаны бар.

Белгилей кетсек, ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитине онлайн форматта катышат

Прзидент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитинин ишине катышат, ал видеоконференц-байланыш форматында өтөт.   Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун бул саммитинин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн